Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Таластык коммунисттер экономикалык абалды талкуулайт


ТАЛАС. Кыргызстан ком партиясынын Талас облустук бөлүмүндө болуп өткөн жыйында өрөөндөгү коммунистер өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал оор экендигин айтып, биринчи кезекте соода-сатыкты эмес, өндүрүштү жандандыруу зарыл дешти. Ал эми электр тармагынын ишканаларын менчиктештирүүгө каршы болушту. Тармакты менчиктештирүүнүн буга чейинки үч этабы эл үчүн пайда алып келген жок. Кыргызстандын суу энергетика байлыктары жалпы элдин байлыгы, ал кирешелүү тармак, сырттан инвестицияга анча муктаж эмес, болгону тармакты башкаруу кризиске батты. Кыргыз энергонун мурдагы жетекчиси Төлөбердиев менчиктештирүүгө каршы чыгып, аны иштен алышкан. Кийинки жетекчилер болсо бардык талаптарга макул. Коммунисттердин жыйынында облустагы согуш ардагерлерине республикалык жана жергиликтүү бюджеттен берилүүчү жеңилдиктер толук берилбей, алардын абалы да аянычтуу экендиги билдирилди. Олтурган имараты кулай баштаган Талас шаардык ардагерлер кеңешине компартиянын жардамы деп финансылык колдоо көрсөтүлдү. Жыйындын ишине коммунист-депутат Орозбек Дүйшеев катышты.


Кыргызстандагы күндөлүк жаңылыктарды Бурулкан Сарыгулова менен Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдады.

Редактор Султан Раев.

XS
SM
MD
LG