Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Ысыккөлдө кайрымдуулук акциясы


КАРАКОЛ. Каракол шаарындагы азиздер жана дүлөйлөр өндүрүштүк коомунун уюшулгандыгынын 50 жылдыгы белгиленип, бул иш чарага областтык, шаардык жетекчилер катышты. Облустук акимчилик тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү, шаардагы ардагерлер үйүндө майыптар күнүнө арналган атайын иш чара уюштурулуп, 80ге жакын экинчи жана үчүнчү топтогу майыптарга 200 сомдук тамак-аш таркатылды. Ошондой эле 14-20 жылдан бери баспай жаткан эки адамга 500 сом өлчөмдөгү материалдык колдоо көрсөтүлдү. Биринчи топтогу майып Жумабек Сааданбеков мындай колдоолор бир күн менен эле чектелбесе деген пикирин билдирди. Облустук социалдык камсыздоо башкармалыгынын акыркы маалыматы боюнча облуста 3736 биринчи жана экинчи топтогу майып катталган. Ушул тапта Аксуудагы психоневрологиялык жатак үйүндө жүзгө жакын аял дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

XS
SM
MD
LG