Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

Беларусиянын элчиси Баткендик согуш ардагерлерине сыйлык тапшырат


БАТКЕН. Бул сыйлыкка фашисттик баскынчылардан бул өлкөнү бошотууга катышкан баткендик 15 согуш ардагери татыктуу болду. Төш белгилерди салтанаттуу тапшыруу аземинде алгач сөз губернатордун орун басары Ибраимов Добуталиге берилип, ал Улуу ата мекендик согуш мезгилинде жүздөгөн баткендиктер курман болгонун,ал майдандан кайткандардын саны жыл санап азайып баратканына токтолду. Өз сөзүндө Беларусь элчиси Александр Козырь “эч качан каардуу согуш күндөрү бизге жардам бергендерди унутпайбыз, бул күн баардык беларусь элинин эсинде”, деп белгиледи.
Жыйында сөз сүйлөгөндөр дүйнө жүзүндө согуш алааматы болбосун деген тилектерди айтты. Салтанаттуу жыйындан кийин ардагерлер үчүн сый тамак берилди.

XS
SM
MD
LG