БИШКЕК. Кыргыз Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу 4-декабрда Санкт-Петербургда өтүүчү КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык Ассамблеясына катышат. Ассамблеяда адам эркиндигине жана укуктарына байланыштуу маселелер каралат. Мындай маалыматты кыргыз акыйкатчысынын орун басары Садык Шернияз бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Ал ошондой эле 10-декабрда Бишкекте Улуттук филармониянын кичи залында Адам укугун коргоо күнүнө байланыштуу биринчи жолу жыйын өткөрүлөөрүн маалымдады. Анын айтымында, адам укугун коргоо күнүнө арналган жыйында Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине сыйлыктар ыйгарылат. Аталган институт менен тыгыз кызматташкан уюмдардын жетекчилерине атайын жасалган “Акыйкатчы” төш белгиси тапшырылып, көркөм өнөр чеберлеринин концерти тартууланат.
Жыйынга мамлекет башчысы, өкмөт жетекчилиги, Жогорку Кеңештин кош палатасынын депутаттары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.
1948-жылы 10-декабрда адам укугун коргоо боюнча декларацияга кол койулган. Дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө бул күн адам укугун коргоо Күнү катарында белгиленип келет.