Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Миңкуш: Туюксууда жер көчкү коркунучу алдын алынууда


БИШКЕК. Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миңкуш шаарчасынын жанындагы Туюк суу аймагында жер көчкү коркунучунун алдын алуу багытында иш чара көрүлүүдө. Коркунуч келтирген аймактан үзгүлтүксүз маалымат алып туруу үчүн радиостанция орнотулуп, илимий иштер жүргүзүлдү. Өкмөт тарабынан 20 тонна күйүүчү май бөлүнүп, 6-декабрда кошумча техника берилет. Бул тууралуу Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмаз Камчыбеков маалымат жыйынында бүгүн билдирди. Анын айтымында, Туюк суу аймагындагы жер көчкүнүн кесепетинен бийиктиги 30 метрлик көлмө пайда болуп, уран калдыктары сакталган жайды суу чайпап кетүү коркунучу бар. Андай коркунуч болбошу үчүн министрликтин тийиштүү кызматы аймакта канал казуу иштерин баштады.

XS
SM
MD
LG