Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Чет өлкөлүк ыктыярчылар ант беришти


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга жардам көрсөтүү үчүн эл аралык уюмдар аркылуу жаңы келген ыктыярчы 65 атуул (волонтер) ант берди. Бишкекте 12-- жолу өтүп жаткан бул иш чарага Президенттик администрациянын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Аликбек Жекшенкулов, Тынчтык Корпусунун директору Жозеф Кертин, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг катышты.
Учурда Кыргызстанда эл аралык 181 ыктыярчылар иштейт. Алардын 120сы Тынчтык Корпусу, 44ү Улуттар Уюму, 17 Эл аралык кызматташтык боюнча Жапониянын Jico агенттиги аркылуу келишкен. Дээрлик Американын, Жапониянын, Кыргызстандын атуулдары. Ыктыярчылардын басымдуу бөлүгү айылдарда жашап, негизинен англис тилин үйрөтүү, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө кол кабыш кылуу иштери менен алектенишет. Ошол эле учурда чет өлкөлүк ыктыярдуу кызматкерлер жергиликтүү калктын каада-салтын, тилин үйрөнөт.

XS
SM
MD
LG