Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Багдадда жасалган кол салуулардан 26 чакты киши курман болду


Анын аралыгында бүгүн Багдадда эки башка кол салууда 26 киши набыт кетти. Бүгүн багымдат намазы учурунда бир жан кечти террорчу шиалардын Багдаддагы мечитинин жанына миналанган машинени айдап барып, жардырган. Андан 14 киши курман болду. Шаардын батыш чөлкөмүндө болсо куралдуу жоон топ адам полиция бөлүмүнө кол салып, камакта жаткан 50дөй кишини бошотуп жиберген. Кол салгандар 12 полицистти өлтүрүп кетти. Кол салуулардын жоопкерчилигин Абу-Мусаб ал-Заркавинин тобу өзүнө алды. Ал эми Мосул шарында ракетанын жарылуусунан 5 киши набыт кетип, 17 киши жаракат алды. Киркукта болсо америкалык автокербенге жасалган кол салуудан бир солдат жан таслим болуп, экөө жараат алган.

XS
SM
MD
LG