Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

БЕЛЕК СОЛТОНОЕВ


Султан Абдырахманов, Бишкек Белек Солтоноев1878-жылы Сарыөзөнчүйдүн төрүндөгү Чоң Кеминдин Тегирменти айлында төрөлүп, жаштайынан тил үйрөнүп сабатсыздыгын жоюп кыргыз тарыхын иликтөөгө башоту менен киришкен.

Белек Солтоноев1878-жылы Сарыөзөнчүйдүн төрүндөгү Чоң Кеминдин Тегирменти айлында төрөлүп, жаштайынан тил үйрөнүп сабатсыздыгын жоюп кыргыз тарыхын иликтөөгө башоту менен киришкен. Белек Солтонгелди уулу Солтоноев мезгил шартына жараша кол жазмаларынын көчүрмөлөрүн жасап, эмгектерине аяр мамиле кылбаса бүгүнкү анын таберик мурастарындагы далилдүү баяндар тек гана санжыралык маалматтардын катарындагы жомок менен чындыктын ортосундагы айтымдар болуп калмак. Атасынын «Кызыл кыргыз тарыхы» деп аталган эмгегин жана башка тарыхый мурастарын кызы Зайнакан эже сактап жүрүп, көзү өтөөрдө сиңдиси Нурия эжеге калтырып, натыйжада өткөн жылы жарык көргөн «Кыргыз тарыхы» тууралуу Кыргыз улуттук илимдер академиясынын ага илимий кызматкери Омор Сооронов:

- «Кызыл кыргыз тарыхы» мурда дагы чыккан эки китеп болуп. Бирок анын ичинде ондон ашык тема, ошондой эле орусча жазылган материалдар, канчалаган фактылар кирбей калган экен. Кийинки кол жазманын өзүнөн тамгасына чейин такталып которулуп чыгарылды. Бул толугу болуп эсетелет. Белек Солтоноев кыргыз тарыхын жөн эле санжырачылардай мындай-тигиндей окуя болгон дебестен, орус окумуштууларын окуп, конспектилеп, тактап жазууга аракет кылган. Бул китеп профессионалдык чыныгы кыргыз тарыхы болуп эсептелет -

Кол жазмалардын өзгөчөлүгүн албетте,а ны толук окуп терең таанышкан адамдан ашыкча айтуу мүмкүн эмес. Белек Солтоноевдин жарыкка чыга элек жети кол жазмасын которуп басмага даярдаган илимпоз Омор Сооронов:

- Белек Солтоноев тарых жазуу менен бирге ыр да жазган. Анын көптөгөн ырлары гезиттерге да басылган экен. Андан башка кол жазмалары бар, аны мага тапшырган китеп кылып чыгаруу жөнүндө. Ал китеп болуп чыгып калышы мүмкүн. Кол жазмаларынын ичинде санжыралары бар, орус окумуштууларынын окуган китептеринин конспектилери бар, ырларынын бардыгы экинчи китепте бар. Айрыкча ушул китепке 16-жылкы көтөрүлүш мезгилиндеги окуя бар. Өзү катышкан 16-жылкы көтөрүлүштүн алдында үч ай болуш болуп турган. Ал ошого карабастан эли көтөрүлүшкө чыкканда, эли менен кошо Кытайга чейин барып, кайтып келген. Көтөрүлүш башталган себептерин, көтөрүлүш бүтүп өз жерине келгенге чейинки окуяларды көзү менен көргөндөй кылып жазып кеткен. «16 жылдык көтөрүлүш» деген эмгеги чыныгы тарыхты изилдөөчүлөргө эң сонун материал болуп берет. Себеби көзү менен көргөн, тарыхчынын колу менен жазылган эмгек болуп эсептелет -

Кыргыздын тарыхына гана эмес тил илимине, сөздүк түзүүгө, улуттук оюндар, каада-салт, жашоо-тиричилигиндеги башка элдерге окшобогон өзгөчөлүктөрүн тактоого батыл киришип майнаптуу жыйынтык калтырган Белек Солтоноев 1937-жылы капилет чагымдан кармалып, эл душманы катары бейити белгисиз шейит өлүмүнө учураган.

Султан Абдырахманов
XS
SM
MD
LG