Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

МАЙЫП СПОРТЧУЛАР КАМКОРДУККА АЛЫНСА


Кабыл Макешов. Бишкек Өлкөнүн майып спортчуларынын айрымдары эл аралык мелдештерге, Азия оюндарына жана паралимпиадаларга катышып жүрүшкөнү менен алар камкордукка алынган эмес. Быйыл жазында жаңы түзүлгөн Кыргызстандын улуттук паралимпиадалык комитети майып спортчуларга көңүл буруп жатабы?

Өлкөдө 1992- жылы майып спортчулардын клубу түзүлүп, 1994- жылы өзүнчө федерация болуп, Эл аралык паралимпиадалык комитетке мүчөлүккө кабыл алынган эле. Ошондон бери Атланта паралимпиадасына Роман Өмүрбеков менен Ниязбек Чалиев катышса, 2000- жылдагы Сидней паралимпиадасына да Роман Өмүрбеков менен Эдуард Гисов барып, Кыргызстандын намысын коргон. Ал эми быйылкы Афина паралимпиадасына Роман Өмүрбеков, Шовкат Мугалимов жана Эдурад Гисов катышып, Роман байгелүү алтынчы орунга жеткен.

Чынында, кыргызстандык майып спортчулар Азия оюндарына да бирин-экөө катышып жүргөнү менен бул спорт тармагы колдоого алынбай келген.Паралимпидалык оюндар спорттун 23 түрү боюнча өткөрүлүп жүрсө, кыргызстандыктар 4 оюндарда тең спорттун пауэрлифтинг боюнча гана катышкан. Ал эми дүйнө жүзүндө майыптар спортту өнүгүп,алардын көңүлү өсүп, дүйнөлүк рекорддорду жаңыртып келүүдө. Ал түгүл, Борбор Азия өлкөлөрүндө да паралимпиадалык комитеттер түзүлүп, максаттуу иш жүргүзүүдө. Кыргызстандагы майып спортчуларга кандай көңүл бурулуп жаткандыгы тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов мындай деди:

- Бишкек шаарында 6 спорт мектеби болсо, ошонун бирөө майып спортчуларга арналган. Бул мезгил талабы, себеби дүйнө жүзүндө майып спортчуларга көңүл бурулуп, алардын чеберчилиги өсүп баратат. Ушул агымдан биз аротта калбашыбыз керек.Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып жүргөн спортчуларга колдон келишинче шарт түзүлүп, камкордукка алууга аракет кылып жатабыз. Бизде майыптар үчүн спорттун беш түрү боюнча секциялар иштеп жатат.

Саамалыкты улантып Кыргызстанда майып спортчулар үчүн олимпиадалык резервдеги атайын адистешкен мектеп түзүү да мезгил талабы. Кыргызстандагы жазында түзүлгөн улуттук паралимпиадалык комитеттин президенттигине «Нур» акционердик ачык коомунун төрагасы Жуман Нуржанов шайланган. Учредителдик конференцияда спорт коомчулугу майыптар спортуна көңүл буруу керектиги, аларга каражат жана спорт жабдуулардан жардам берүүнүн зарылдыгы айтылган.

Өлкөнүн паралимпиадалык комитетинин вице- президенти, Бишкек шаардык финансы башкармасынын жетекчиси Абдуалим Нишанов жаздан бери кандай иш- аркеттерди көрүп жатышкандыгы тууралуу пикирин мындайча билдирди:

- Майыптарга соопчулук кылуу үчүн ушундай комитет түзүп, аларга колдон келген шарт түзүп берели деген ой- тилек бар. Биринчиден, каражат маселесин чечүү менен алар машыга турган спорт зал таап, аларга жабдуу алууга камылга көрүп жатабыз. Алардын спорттук чебердигин жогорулатуу боюнча атайын машыктыруучуларды да ишке тартууну ылайык көрүүдөбүз. Ордо калаабыздан жарым жер төлөдөн турган атайын жай таап, аны майып спортчулар үчүн спорт залы катары кайра жабдып жатабыз. Каражат маселеси кыйын болсо да майыптарга соопчулук кылууга ниет кылган демөөрчүлөр да болгону турат. Эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр да жүргүзүлүүдө.

Жакшы шарт түзүлсө, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытуучу кыз- жигиттер арбын. Кыргызстандык майып спортчулардан Роман Ѳмүрбеков Франциянын жана Шериктеш өлкөлөрдүн эки жолку чемпиону болгон. 4 паралимпиадалык оюндарга катышкан эл аралык спорт чебери Роман Өмүрбеков мындай дейт:

- Ооруга жеңдирип, чүнчүп жашагандан көрө, спорт менен машыгып, алдыга бир максат коюп, үмүт менен жашоо керек. Биздей майыптарга өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлсө, анда биз Кыргызстанды дүйнөгө таанытат элек. Өзүбүз менен өзүбүз болуп, мелдештерге бараарда гана машыга калып, бизге көңүл бурулбай келсе, жакындан бери паралимпиадалык комитет түзүлүп, убадаларды берип, жыргатабыз дешүүдө. Аны мезгил көрсөтөт.

Кырсыкка кабылып, эки буту тең басууга жарабай калган атбашылык жигит Шамырбек Ыдырысов Роман Өмүрбеков үлгү болуп, жашоого болгон үмүтүн кайра жандырганын мындайча айтып, майыптарды спорт менен машыгууга үндөдү.
XS
SM
MD
LG