Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Тынч жыйындарга катышуу эркиндиктерине байланышкан долбоор ишке кирди


БИШКЕК. Кыргызстанда «Жарандардын тынч жыйындарга катышуу эркиндиктерин камсыздоодо жарандык коомдун, тартип коргоо жана мамлекеттик кызматтардын өз ара карым-катышы» деп аталган долбоордун экинчи баскычы ишке киришти. Буга байланышкан семинар Ысыккөлдө 1-3-декабрь аралыгында өтүп, ага коопсуздук, ички иштер кызматтарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. 14 айга эсептелген бул долбоордун чегинде эми 7 облуста тегерек үстөл талкуулары өтөт. Мындан тышкары жарандардын эркиндигин кепилдеген мыйзамдарды, ички иштер кызматтарынын ички эрежелерин өзгөртүү, түзөтүү боюнча сунуштар иштелип чыгат жана ички иштер кызматкерлеринин укук-милдеттери боюнча эскерткич чыгарылат. Талкууларга катышуучу адистер жана эксперттер менен Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюму камсыздамай болду. Долбоорду «Эл аралык толеранттуулук» коомдук фонду ишке ашырып жатат жана ага Швейцария мамлекетинин тышкы иштер министрлиги, Даниянын Тынчтык институту демөөрчүлүк кылууда. Бул тууралуу бүгүн семинардын катышуучусу, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова маалымдады.

XS
SM
MD
LG