Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

АКШ жана Европа мамлекеттери чечимди колдоо менен кабыл алды


Украинанын Жогорку Сотунун чечимин АКШ жана Европа мамлекеттери колдоо менен кабыл алды. Американын мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Ричард Баучердин айтымында, жаңы добуш берүү ачык жана адилеттүү болууга тийиш: "Алдыга ыкчам жылуу азыр өтө маанилүү. Жогорку сот айткандай, шайлоонун жыйынтыгы Украина элинин тилегин чагылдырууга тийиш". Экинчи айлампаны кайра өткөрүүгө мурда өлкө президенти Леонид Кучма жана орус президенти Владимир Путин каршы чыккан, Орусиянын Мамлекеттик думасы болсо Европа Биримдиги, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму жана Батыш Европа мамлекетери Украинага терс таасир тийгизүүдө деп, аларды сындаган токтом кабыл алган.

XS
SM
MD
LG