Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:00

МИССИЯ КЕЛЕТ. ЖАҢЫ ҮЧ ЖЫЛДЫК ПРОГРАММА ТҮЗҮЛӨБҮ?


Айданбек Ташкенбаев, Бишкек http://gdb.rferl.org/6CAD8E23-4F6F-4AC4-B802-08109F5FE27B_w203.jpg 7-декабрдан тарта Бишкекте Эл аралык валюта корунун кезектеги миссиясы иштейт. Анын жүрүшүндө 2001-жылы түзүлгөн үч жылдык программа жыйынтыкталып, ушундай эле мөөнөткө жаңы программа түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болот.

Эл аралык валюта корунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн алынган маалыматка караганда, жаңы программа түзүү Кыргызстан үчүн маанилүү. Анткени өлкөнүн тышкы карызы көп бойдон калууда. Андан сырткары экономикалык абалды турукташтыруу багытындагы программа улантылыш керек. Аяктап бараткан программанын алкагында Кыргызстанга 95 миллион доллар берилди. Эми 7-18-декабрдагы миссиянын иши учурунда 14 миллион доллардын тегерегиндеги акыркы траншты бөлүү маселеси чечилмекчи.

Эл аралык валюта корунун насыялары кайда жумшалып жаткандыгы тууралуу өлкөнүн мурунку премьер министри, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Бакиев буларды билдирген эле:

- Алар негизинен бюджеттин таңсыктыгына, сомдун туруктулугун кармап экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу багытында иш жүргүзүшөт. Бул туура. Бирок ушуну менен эле төрт-беш жыл бою тура берген болбойт. Биз өнүгүүбүз керек. Ал үчүн салыктарды кыскартуу керек.

Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов Эл аралык валюта кору менен кызматташууну жактап, жаңы үч жылдык программа өлкө үчүн керектигин билдирген.

Валюта кору менен түзүлгөн программанын ачык-айкын эместигин билдирген саясатчылар да арбын. Маселен Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Байкожоев мына ушундай пикирде:

- Биринчиден аяктап бараткан программа боюнча эмне жасалганын билбеймин. Ал боюнча бизге маалымат берилген жок. Өкмөт өзүнчө эле иштегенсип атат, бирок эмне кылып жатканы белгисиз. Ошондуктан эмне кылып жатышканын айта албаймын.

Анын айтымында, ал бул маселени 14-декабрда баштала турган Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясынын күн тартибине киргизип, Эл аралык валюта кору менен кандай иш жүргүзүлүп жатканын ачыкка чыгарууга аракет жасамакчы.
Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев эл аралык каржы уюмдары менен кызматташуу зарылдыгына токтолуп, бирок түзүлгөн программалар Жогорку Кеңеште талкууланып жактырылыш керек деген оюн билдирди:

- Биздин адистер катышып, ал Жогорку Кеңеште талкууланып, кабыл алынса туура болот. Кыска чөйрө каалагандай кабыл алып койгон программа зыян алып келет.

Экономика илимдеринин доктору Владимир Кумсков берилген насыялар максаттуу түрдө өндүрүшкө пайдаланылса туура болоор эле деген пикирде:

- Көбүнесе бул каражаттар бюджеттин таңсыктыгын жабууга жумшалат. Бул деген жеп алдык дегендик. Биз ал насыяларды акыл менен натыйжалуу пайдалансак туура болмок.

Анын айтымында, өлкөнүн экономикасында реалдуу өсүш байкала элек. Ал эми статистикалык маалыматтар кыялдагыны турмушка айлантуунун далаалаты. Экономикасы реалдуу түрдө өсүшкө ээ болгон өлкөлөр, маселер коңшу Казакстан, Россия Эл аралык каржы уюмдарынан карыз алууну токтотуп, мурда алынган насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөп берүүгө аракеттенүүдө, дейт Владимир Кумсков.

Кыргыз өкмөтү менен Эл аралык валюта кору дагы үч жылга түзө турган программанын алкагында канча насыя берилери азыр белгисиз. Ал сүйлөшүүлөрдө аныкталмакчы. Бирок насыя берүүнүн шартында реформаларды улантуу талабы кала бермекчи, деп белгилешти валюта корунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн.

XS
SM
MD
LG