Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Турсунбек Акундун саламаттыгы үй-бүлөсүн тынчсыздандырат


БИШКЕК. Укук коргоочу Турсунбек Акундун саламаттыгы начар, мээси чайкалган. Буга байланыштуу өз алдынча дарылоо иштери үйүндө жүрүүдө.Мындай маалыматты «Азаттыктын» кабарчысына укук коргоочунун карындашы, кесиби боюнча невропотолог Мусабекова Жамийла билдирди. Ал эми атасы Кыйтыке Мусабеков Турсунбек Акундун жакындары анын ден соолугуна байланыштуу Ак үйдүн алдына пикетке чыгаарын, кокус саламаттыгы калыбына келбесе акыркы чараларга барарын билдирди. Жарым ай чамалаш дайынсыз болуп, кайра табылган укук коргоочунун саламаттыгы начар экендигин, анын ден соолугун көз карандысыз дарыгерлерге текшертип, дарылоо зарылдыгын буга чейин бир катар укук коргоочу уюмдар белгилеген. Ал эми республикалык 4-оорукананын дарыгерлер тобу укук коргоочунун ден-соолугун текшерүүдөн өткөрүп, абалы дурус деген бүтүм менен 2-декабрда ооруканадан чыгарган.

XS
SM
MD
LG