Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:32

Пакистандын президенти АКШдан Улуу Британияга келди


Пакистандын президенти Первез Мушарраф Лондонго Британ премьер-министри Тони Блэр менен жолугушуу максатында келди. Жолугушуу учурунда террорчулукка каршы күрөшүүгө, Ооганстандагы кырдаалга жана соода мамилелерине байланышкан маселелер талкууланат. Бул Мушаррафтын президент катары Британияга жасаган алгачкы расмий сапары. Пакистан президенти кечээ Вашингтондо АКШ президенти Жорж Буш менен жолугушуп, ушундай эле маселелерди талкуулаган
XS
SM
MD
LG