Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Иракта козголоңчулардын кол салуусунан бир нече адам каза тапты.


Ирактын түндүгүндөгү Тикрит шаарында козголоңчулардын кол салуусунан 17 адам өмүрүнөн ажырап, дагы 13 киши жаракат алды. Америкалык командачылыктын өкүлүнүн билдиргенине караганда согушкерлер АКШнын аскер базасында иштеген ирактык кызматкерлерди жумушка алып бараткан эки автобусту аткылашкан.
Ушул эле күнү Байжи шаарындагы аскер бекетинде миналанган автоунаа жарылып, андан үч ирак аскери каза таап, 18и жараат алды. Жарылуудан соң согушкерлер аскерлерге ок ачышкан
Мосул шаарында да козголоңчулардын кол салуусунан күрт куралдуу күчтөрүнүн 9 жана 2 АКШ аскери каза тапты. Багдадда полиция бөлүгүнүн жанында миналанган эки автоунаанын жарылуусунан 7 адам набыт кетип, ондогон киши жараат алды.

XS
SM
MD
LG