Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

ТУРМУШ ЖАКШЫРА БАШТАДЫБЫ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Бишкекте машиненин көптүгүнөн эртели кеч көчөгө батпай тыгын болуп калды. Борбор калаада курулуш да күчөдү. Быйыл курулуш материалдарына суроо-талап өсүп, ал кымбаттап кеткендиги көпчүлүккө маалым.

Өкмөт башчы мурда акча жогунан курулушу токтоп калган мектептер жана ооруканалар кайра салына баштагандыгын айтат

- Биз он айда мурдагы жылдарга караганда, а түгүл Советтер Союзу убагына караганда да, көп мектеп курдук. Биз15 миң орунга эсептелген 69 мектеп курдук, – деди Николай Танаев үстүбүздөгү жылдын он айындагы экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн жыйынтыгын чыгарып.

Статистикалык маалыматтарга караганда, элдин кирешелери да көбөйүп жатат. Быйыл он айда бюджеттен акча алгандардын айлыгы 40% көбөйгөндүгүн айтат. Орточо айлык болсо 13,7% өскөн. Өкмөт мүчөлөрүнүн билдирүүсүнө караганда, экономика өсүп, ал жакыр адамдардын санынын тез азайышына шарт түзүп жатат:

- 2000-жылы бизде жакырчылык 52% болгон болчу. 2001-жылы – 47,6%, 2002-жылы – 44,4 болду. 2003-жылы болсо 40,8% түздү. Орточо эсеп менен жакырчылык жылына 3,6% кыскарып жатат, - деди Эмгек жана социалдык корго министринин орун басары Өктөмхан Абдуллаева. Анын айтымында, азыр 5 млн элдин 2 млн жакыр. Ал экономиканын өнүгүүсү мындай темп менен жүрүп отурса, 2010 жылы өлкө иш жүзүндө жакырчылык проблемасынан арылат деген ойдо.

Өктөмхан Абдуллаева өлкөдөгү эң жакыр регион деп эсептелген Нарын областында да көзгө көрүнөрлүк жылыштар бар экендигин билдирет:

- Адамдар үйлөрүн актап,же жаңы үй салып жатышат. Мисалы, беш жыл мурун Нарындын көчөлөрүнөн бир да мал көрчү эмеспиз. Азыр ал жерде мал көп. Орто эсеп менен Нарын областында бир үй-бүлөгө 13-15 мал туура келет, – дейт Өктөмхан Абдуллаева.

Бирок турмуш оңолуп барат дегенге баары эле ишене бербейт. Айрым адамдар өкмөт элди жөн эле алдап, жалган отчет берип жатат деп эсептешет. Мындай адамдардын бири мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Орозбек Дүйшеев:

- Бир эчки же бир уй алып берип, жакырчылык кыскарды деп отчет берип жатышат. Эчкинин сүтү менен жарып кеткен адамды көргөн эмесмин, - дейт депутат.

Ал машинелердин көбөйгөндүгү байыгандан эмес, тескерисинче, жакырчылыктан болуп жатат деп эсептейт:

- Болжол менен 70-80% байлык Бишкекте. Машинелер көбөйсө эле жыргап калдык деп жатышат. Алардын жарымы нан таап жеш үчүн иштеп жүргөн таксисттер. 1 млн элибиз чет өлкөлөрдө жүрөт. Турмуш оңолсо, алар кайтып келишпейт беле - дейт Орозбек Дүйшеев.

XS
SM
MD
LG