ОШ. Бул маселе 6-декабрда өткөн Ош шаардык мэриясынын аппараттык кеңешмесинде талкууланды. Кеңешменин күн тартибинде шаардын он бир ай ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн темпи, кышка даярдыктын абалы жана салык жыйноонун жалпы деңгээли боюнча маселелер каралды. Ош шаарынын мэри Сатыбалды Чырмашев, шаар өндүрүштүн өнүгүү деңгээли, социалдык тармакты колдоонун абалы жана салык чогултуу маселеси боюнча республикада Баткен облусунан кийинки эле акыркы орунда калгандыгын айтып, шаардагы айрым мекеме-уюмдардын жетекчилеринин ишин кескин сынга алды. Шаар мэри бир катар ири ишканалардын салык төгүү планы өткөн жылдын ушул мезгилине карата бир кыйлага аз аткарылгандыгын белгилөө менен маселенин чоо-жайын териштирүүнү шаардык прокуратурага табыштады.