Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Акыйкатчы Санкт Петербургда


Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу декабрь айынын башында Санкт Петербург шаарында болгон КМШ Парламенттер аралык Ассамблеянын сессиясына катышып келди. Ал сессияга Россия, Азербайжан, Армения, Казакстан жана Украина Омбудсмендери да катышып, «Адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн статусу тууралуу» моделдик мыйзам долбоорун талкуулашты. Андан сырткары омбудсмендер КМШ парламенттик Ассамблеясынын алкагында омбудсмен Кеңешин түзүү демилгесин көтөрүштү. Кыргыз акыйкатчысы кант диабетине чалдыккан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча моделдик мыйзамга кошумча киргизип, анда мындай дартка чалдыккандарга мамлекет бюджетинен жардам көрсөтүлөт деген берене жазылыш керектигин сунуштады. Бул тууралуу акыйкатчыныны маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG