Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:45

Эки төрагасы кармашууда. Үчүнчүсү алыста…


Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин төрагасымын деген Болот Тыналиев бүгүн «АКИпресс» маалымат агенттигинде маалымат жыйынынын өткөрүп, анда юрист Мамасадык Жакышевдин билдирүүлөрүн жокко чыгарды. Жакышев болсо «Демократ» гезитине жарыяланган макаласында Болот Тыналиев, Ырыскелди Момбеков жана Качкын Булатов Улуттук коопсуздук кызматынын финансылык колдоосу менен кеңсе ачып, иш жүргүзгөн деп билдирген. Жакышев ошондой эле бул үч атуулдун комитет курмынан чыгарылып, мындан ары аны өзү жетектээрин маалымдаган. Болот Тыналиев мындай билдирүүнү четке кагып, эгерде Жакышев менен гезит бир айдын ичинде кечирим сурабаса сотко кайрылып, алардан өз пайдасына 9 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылаарын маалымдады. Учурда Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин төрагасымын деп атаган үч атуул бар. Алардын бирөөсү Вена шаарында эмгектенип жаткан Рамазан Дырылдаев, калган экөө Болотбек Тыналиев менен Мамасадык Жакышев.

XS
SM
MD
LG