БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны бир апталык тыныгуудан кийин кайрадан ишке кирди. Бул күнү парламент декабрь айы үчүн иш планын талкуулап, кабыл алды. Макулдашууга ылайык күн тартибине кирген маселелердин тутумуна октябрь, ноябрь айларынан бери каралбай келаткан долбоорлор да киргизилди. Төрага Абдыганы Эркебаев убакытты үнөмдөө максатында бул апта ичинде 2005-жылдын бюджетине байланышкан мыйзамдардын долбоорлорун талкуулоо зарыл деп эсептеди. Ал эми отурумга катышкан биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев, президенттик администрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков энергетикага жана «Кыргызгаз» ишканасына байланышкан маселелерди ушул апта ичинде кароону депутаттардан суранышты. Айрым депутаттар Энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин элдик референдум аркылуу чечүү керек деген кескин пикирлерин айтышты. Бул маселе парламентте күздөн бери талаш-тартышта туудуруп келет.