Талибандын калдыктары Ооганстанда 7-декабрда боло турган президенттик ант берүү каадасы учурунда бир катар кол салууларды уюштурабыз деп кезенип жатышат. Рейтер агенттигинин маалыматына караганда Талибандын башкы командачысы Молдо Дадулла карапайым калкты салтанат учурунда Ооган бийлигинин куралдуу күчтөрүнөн окчун болгула деп эскерткен. Талибан бул ирет Хамид Карзайдын президент катары ант берүү каадасын үзгүлтүккө учуратууну максат кылууда. Рейтер Молдо Дадулла мындай билдирүүнү 6-декабрда жасаганын маалымдаганы менен ал кайсы жерден айтылганын жарыялаган жок.
Хамид Карзайдын ант берүү аземине Кошмо Штаттарынын вице-президенти Дик Чейни, коргоо министри Дональд Рамсфельд баштаган сый коноктор катышат.
Хамид Карзайдын ант берүү аземине Кошмо Штаттарынын вице-президенти Дик Чейни, коргоо министри Дональд Рамсфельд баштаган сый коноктор катышат.