Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

МУРДАГЫЛАРДЫ КИЙИНКИЛЕР СОТКО БЕРДИ


Сапар Орозбаков, Бишкек «Каракече» көмүр кенинде жайгашкан «Акулак кесиминин» тегерегинде чыккан чыр кайрадан жанданды. Мурдагы инвесторлор жана жетекчилер «ишкана бизге карыз болчу, акчабызды эмки жетекчилик бербей жатат» деп бейтарап сотко берди.

Сот болсо алардын өтүнүчүн канааттандырып, инвесторлордун пайдасына 52 млн сом төлөп берүүгө ишкананы милдеттендирген чечим кабыл алды. Бирок буга ишкананын ушу таптагы жетекчилиги макул болбой, соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылып ар кайсы жерге кайрылышууда.

«Акулак кесимин» башкарууга алган «Пермикс центр» өз милдеттенмесин аткарбай койгондон кийин, келишимде көрсөтүлгөн 2 жыл мөөнөт аяктады деп, 2002-жылы өкмөт аны менен кайрадан келишим түзүүдөн баш тарткан болчу.«Акулак кесиминин» акцияларын кармап турган «Көмүр» аттуу мамлекеттик ишкананын жетекчилеринин айтуусунда, ишкананын мурдагы ээлери, «Акулак кесимин» иштетип турушканда, башка ат менен фирма ачып алышып, анын товарларын «Акулак кесимине» кымбат өткөрүп, пайда таап турушкан. Жаӈы жетекчилердин арызы менен аны Эсептөө палатасы аны текшерип, улуттук коопсуздук кызматы болсо кылмыш ишин козгогон. Тергөө азыр бүтө элек. Бирок ишкананын инвесторлору «Ак-улак кесими» бизге карыз болчу деп бейтарап сотко кайрылышат. Сот болсо алардын пайдасына 52 млн сом кесип берүү тууралуу чечим чыгарат. Азыркы жетекчилер тергөө бүтө элек болгондон кийин бейтарап сот алардын доо-арызын карабаш керек болчу дешет:

-Чакыруу кагазы келгенде биз окуп көрүп, «бул маселе боюнча кылмыш иши жүрүп жатат, ал бүткөнчө сотту токтото тургула» деп жооп бергенбиз. Эмнегедир бейтарап сот ишти дароо эле, 52 млн сом кесип бериптир, –деди «Көмүр» мамлекеттик ишкананын баш биректору Картайбек Муканбетов.

Анын айтымында, азыркы жетекчилик райондук жана облустук сотко кайрылып, алар бейтарап соттун чечимин аткарууну токтото тууралуу чечимге келишкен. Ал эми Жогорку сот бейтарап соттун өкүмүн туура көрүп,ишти кайра карап чыгуу үчүн областык сотко кайра жөнөткөн.

Картайбек Муканбетов, «Премикс центр» аттуу компания өзүн жоюлду деп жарыялап, аласа бересесин «Санни ЛТД» деген компанияга өткөрүп бергендигин айтат. Анын айтымында, «Акулак кесимин» сотко «Санни ЛТД» берген. Ал «Санни ЛТДинин» кожоюну мурдагы эле «Премикс центрдин кожоюну» экендигин, кымбат сатып алынган товарлар да ошолордун эле башка фирмаларынан алынганын товарлар экендигин билдирет:

- «Акулак кесимине» берген товарлары кереги жок нерселер экен. Алар өтө жогору баа менен алыныптыр.. Мисалы, кадимки кол капты 150 сом деп өткөрүшүптүр. Ал базарда 7-10 сом эле турат – дейт Картайбек Муканбетов.

Бул ишти караган Бейтарап соттун судьясы Чинара Айдарбекова бизге тергөө жүрүп жатканда иш каралбасын деген жобо бейтарап соттун эрежелеринде жок деп билдирди:

- Кылмыш процессуалдык кодексинде кандай учурларда иш каралбай тургандыгы тууралуу жобо бар. Принцибинде анда, эгерде иш башка сот тарабынан каралып жатса, сот аны карабайт деген жер бар. Бирок Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунун регламентинде мындай жобо жок. Ошондуктан мен ишти токтотуп кое алган жокмун, - деди Чинара Айдарбекова.

Азыркы жетекчилер талаш тартыш болгон учурда бейтарап сот карайт деген жобо да мурдагы келишимде жок болчу, аны мурдагы жетекчилер кетип жатканда киргизе коюшкан деп айтышат:

- Бейтарап сотто каралсын деген эки тарап кол койгон келишим бар дешет. Ал келишимдин көчүрмөсү бизде жок. Ал качан түзүлгөнү – кетип жатканда түзүлгөнбү, же бланкаларды алып калышып кийин түзүшкөнбү – белгисиз, - дейт Картайбек Муканбетов.

Сот Чинара Айдарбекова бул дооматты да четке кагат:

- Бейтарап сотто кароо тууралуу келишим кийин түзүлсө да, мыйзам карай берүүгө мүмкүнчүлүк берет, – дейт Чинара Айдарбекова.

Кыргызстанда көп көмүр казган «Акулак кесими» 3-4 жылдан бери чырдан башы чыкпай келет. Какаганга муштаган болуп,анда быйыл жер көчкү жүрүп, көмүр казган жерди басып калган. Өлкө көмүрдү Казакстандан сатып алып жатат.

XS
SM
MD
LG