Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

АЖЫЛЫККА 4,5 МИҢ АДАМ АТТАНАТ…


Кабыл Макешов, Бишкек Өлкөнүн мусулмандары Меккеге ажылыкка аттанар мезгили жакындап, даярдыктар башталды.

Ажылык сапарын уюштуруу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1998- жылдагы № 83- токтомунун негизинде жүргүзүлөт. Ал токтомдо ажылык сапарын уюштуруу жана ишке ашыруу жоопкерчилиги өкмөт алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жүктөлгөн. Ушул комиссиянын башкы адиси Шаршаке Үсөновдун ажылыкты уюштуруу боюнча пикир мындай:

- Ажылыкты уюштуруу жаңыдан башталганда 5-6 жыл жардам берип, мамлекеттик деңгээлде документтерди даярдап, виза ачуу иштерине көмөк көрсөттүк. Акырындап бул жумуш жолго түшүп калгандыктан, ажылык сапарга баруу, уюштуруу милдеттерин өлкөнүн муфтияты колго алышты. Кийинки учурда өкмөттүк мекемелерге же мамлекеттик деңгээлде чечилбей жаткан маселелер боюнча гана жардам берип калдык. Учурда каалаган киши ажылыкка барам десе, эч жакка кайрылбай эле, Сауд Арабиянын элчилигинен виза алып, өзү учакка билет алып, мейманканага алдын ала заказ берип, Мекеге зыяратчылыкка барса болот. Биздин өлкөдө мындай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ажылыкка барууну, даярдык көрүүнү совет доорундагыдай өнөктүккө айландыруунун деле кажети жок.


Ал эми ажылыкка баруучуларды жыйып чогултуу, топторду түзүү Кыргызстан мусулмандар дин башкармасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Меккеге ажылыкка барып, мусулманчылыктын бир парзын аткарууну каалагандардын документтерин Кыргызстандын диний башкармалыгынын штабы жана ажылыкты уюштурууга улуксааты бар өкүлдөр чогултуп, топтоп, бышыктоодо.
Жыл сайын Кыргызстандан Арабиягы 4,5 миң мусулман ажылыкка барып келчү. Быйыл да ушул өлчөмдө келишим түзүлгөн. Ажылыкка аттануучулардын 80 пайызы түштүк облустарынын тургундары. «Оштон Меккеге алгачкы самолет жаңы жылдын 2-январында учат» деп айрым маалымат каражаттар жазып жиберишти. Кыргызстандын диний башкармалыгынын ажылыкты уюштуруу штабынын жооптуу кызматкери Марат ажы Жусупов даярдыктар тууралуу мындай деди:

- Жолкире баасы түз барып-келгени кошулуп, Бишкек- Жидда багыты боюнча 1600 АКШ доллары, эгер Эмиратта же Иордания өлкөсү боюнча транзит аркылуу болсо 1350 АКШ долларды түзөт. Ал эми, автобус менен Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Түркия, Сирия, Иордания аркылуу Сауд Арабиясына баруунун наркы 800 америка доллары. Быйыл Мекке, Мединада барчулардын үчтөн экиси автобус менен 5-январдан баштап жөнөй баштайт. Ал эми учак менен сапар алчулар 10-январдан баштап кетишет. Курман айт - 21-январда болмокчу, ошого чейин биздин атуулдар Мекеде болушу керек. Арабиянын ажы иштери боюнча министри эмдиги жылдан тарта автобус, төө минип барууга тыюу салмай болду. Себеби, зыяратчылар жол, транзит визасын алуу, чек араларга текшерүү сыяктуу азап-тозокторду көрбөсүн дейт. Эң негизги кыйынчылык Түркмөнстандын чек араларында болууда. Алар жол тосуп, визадан сырткары да акча талап кылган учурлар кездешүүдө.

Мекеге барып былтыр ажылык парзды аткарып келген, Кыргызстандын муфтиятынын үгүт жана насаат бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эрматов мындай дейт:

- Ажылык Алла тааланын мусулмандарына парз кылган 5 парздын бири. Ажылык парзын аткарууну ниет кылган, Мекеге барууга каражаты жетиштүү кыргызстандык атуулдардын баарына жол ачык. Бирок, ошентсе да ажылыктын пайгамбарыбыз Мухаммед алейхи саламдын доорунан бери келаткан, ар бир момун мусулман сөзсүз аткарууга тийиш болгон белгилүү бир шарттары бар. Ажылыкка бара турган адам: мусулман, ажылык парзды түшүнгөн, бойго жеткен, акыл- эси жайында, эч кимге көз каранды эмес, материалдык мүмкүнчүлүгү бар, ден соолугу чың, жол коопсуздугун сактай билген адам болууга тийиш. Арабияга жетээр жеткенче аларга ажылыктын шарттары боюнча дарс окулуп, жол- жоболору түшүндүрүлөт.


22-декабрда Кыргызстанга Сауд Арабиянын консулдары келип, ажыга барчуларга виза ача баштайт. Курман айт - 21-январга белгиленген Кыргызстандын мусулмандары 5-6 күн эрте барышып, зыярат кылышып, мекенине 25-январда кайта башташат.

XS
SM
MD
LG