Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Мырзаке-Каракулжа-Алайкуу жолдору кайра оңдолот


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн «Мырзаке-Каракулжа-Алайкуу жолдорун реабилитациялоо долбоорунун артыкчылыгы» жөнүндөгү мыйзамды талкуулап кабыл алды. Мыйзамда белгиленген жол 127 чакырым узундукту камтыйт жана 12-13 миллион доллар чамалаш каражатты талап кылат. Мыйзамдын демилгечиси, депутат Дүшөн Чотоновдун айтымында, жолду кайра оңдоо мөөнөтү инвестициялардын келишине жараша аныкталат. Буга чейин Жогорку Кеңеш жолго байланыштуу эки мыйзам, атап айтканда, Кыргыз-Кытай темир жолуна жана Ош-Эркештам автожолуна байланыштуу мыйзамдарды кабыл алган.

XS
SM
MD
LG