Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:51

Мекеме-уюмдар толугу менен бюджеттик каржылоого өтөт

БИШКЕК. 2005-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстандагы бюджеттик мекеме-уюмдар толугу менен бюджеттик каржылоого өтүшөт. Бүгүн вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев «Кабар» агенттигинде ушундай маалымат берди. Бюджеттик мекемелерди жана уюмдарды бюджеттик каржылоого толугу менен өткөрүү тууралуу токтомду кыргыз өкмөтү ушул жылдын 30-октябрында чыгарган. Жоомарт Оторбаевдин белгилегенине караганда, мамлекеттин каржысында турган көптөгөн мекеме-уюмдар атайын эсептерден да пайдаланышат. Бул тараптардын кошумча каражат издөө кызыкчылыктарын арттыруу менен бирге, салыкка доо кетирип жатат. Эксперттер мекеме-уюмдардын мамлекеттик каржылоодон тышкары пайдаланган акчасынын эсеби миллиард сомдон ашык деп болжолдошууда.
XS
SM
MD
LG