Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

Украинадагы президенттик шайлоо боюнча маселелерди парламент кароодо


Украинанын парламенти президенттик шайлоодон чыккан маселелерди кароонуу улантууда. Оппозициянын сунушу боюнча, 26-декабрга белгиленген шайлоонун үчүнчү айлампасында бурмалоолор болбош үчүн, атайын мыйзам кабыл алыш керек. Кызматынан кетип жатан президент Леонид Кучма ага негизинен макул болду: "Президенттик шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилиш керек экенине биз макулбуз. Добуш берүү учурунда эч кандай бурмалоолорго жол берилбегендей шарт түзүүгө тийиш". Андан тышаары Кучма Борбордук шайлоо комиссиясын таратууга да макул болду, бирок шайлоодо эбегейсиз бурмалоолорго жол берген өкмөттү кызматынан кетирүүгө азырынча макул эмес.

XS
SM
MD
LG