Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Ооган президенти болуп шайланган Хамид Карзай бүгүн ант берди


Ооганстандын президенти Хамид Карзай бүгүн Кабул шаарында президенттик ант берди: "Мен ооган элинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойм. Алла кааласа жана элдин жардамы менен өлкөнүн өгүнүгүшүнө жана калкты гүлдөө абалына жеткирүүгө мен бардык аракетимди көрөм. Кудайдан жардам сурайм". Салтанатка АКШ вице-президенти Дик Чейни жана коргоо министри Доналд Рамсфелд да катышты. Карзайдан кийин эки вице-президент - Ахмад Зия Масуд жана Карим Халили дагы ант берди. Салтанат учурунда эбегейсиз коопсуздук чаралары көрүлдү. 9-октябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоодон кийин өлкөнүн өкмөттүк күчтөрү Талибан менен ал-Каиданын калдыктарына каршы ири аскерий аракеттерди көрүүдө.

XS
SM
MD
LG