Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:21

Өкмөт энергетика тармагын катуу тескей баштады


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү энергетика тармагындагы өндүрүштүн эффективдүүлүгүн арттыруу иш-чараларын аткаруу боюнча токтом кабыл алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, аны кабыл алууга пайдаланылган электр энергиясы үчүн акыны өз ара эсептешүү жана товарды өз ара алмашуу жолу менен төлөөнүн терс таасир бергендиги түрткү болду. Токтом энергетика тармагындагы техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, акыны өз убагында төлөөнү камсыз кылууга багытталган. Өкмөт мындан тышкары Кыргызстандын миграция саясаты боюнча концепциясын ишке ашыруу программасын бекитти. Программа өлкө ичиндеги жана тышкы миграцияны жөнгө салуу, чет жерде жүргөн мекендештерди кайтаруу жана чет жерде жүргөн мекендештер менен байланышты чыңдоо милдеттерин камтыйт.

XS
SM
MD
LG