Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Кыргызстандыктар БУУга арыз менен кайрыла алабы?


БИШКЕК. Кыргызстандагы бардык сотторго кайрылып, сот акыйкаттыгына жете албаган атуулдар БУУнун адам укуктары боюнча комитетине арыз менен кайрыла алат. Атуулдарга мындай укук Кыргызстандын 1994-жылы Саясий жана атуулдук укуктар боюнча эл аралык пактыга кол койгондон соң берилди. Бул тууралуу «Эл аралык каражаттарды адам укуктарын коргоого пайдалануу» деп аталган жаңыдан ишке киришкен долбоордун өкүлдөрү маалымдаган. Алардын айтымына караганда, долбоорго ылайык өз укуктарын коргоого келечекте БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрылууну каалаган атуулдарга бекер кеңештер берилет. Мындай долбоор БУУ тарабынан каржыланат. БУУнун адам укуктарын коргоо комитетине 2004-жылдын соңку он айынынын аралыгында кыргызстандык үч атуул кайрылган.

XS
SM
MD
LG