Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Б.Полуэктов: «Радикалдык оппозиция өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутууну көздөөдө»


БИШКЕК. «Кыргызстандагы радикалдык оппозиция өкүлдөрү 2005-жылы өткөрүлө турган параламенттик шайлоо алдында өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу максатында бир катар саясий акцияларды жасоону көздөөдө». Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктов мындай пикирин «Интерфакс» маалымат агенттигине берген маегинде билдирген. Ошондой эле Полуэктов оппозиция өкүлдөрүнүн кандайдыр бир планы да бар экендигин айтып, ага мисал катары укук коргоочу Турсунбек Акундун жоголуп кайра табылышын жана оппозиция өкүлдөрүнүн «парламенттик шайлоодо мыйзам бузуулар орун алат» деп алдын - ала айткан жоромолдорун келтирген. Ушул эле күнү «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев оппозиция өкүлдөрүнүн өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу боюнча эч кандай планы жок экендигин айтып, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлүнүн билдирүүсүн «оппозиция өкүлдөрүнө жалган жалаа жаап коомчулукка жаман көрсөтүү» аракети катары баалады.

XS
SM
MD
LG