Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

КЫРГЫЗСТАНДА АДВОКАТУРА ТАРМАГЫН РЕФОРМАЛОО


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстан юристтер Ассоциациясынын демилгеси менен өлкөдө адвокатура тармагын реформалоо боюнча Концепция иштелип чыкты. Учурда ошондой эле «Адвокаттык ишмердик жана адвокатура жөнүндөгү» мыйзам долбоору адвокаттар тарабынан талкууланууда. Өлкөдөгү адвокатураны реформалоо маселелери кечээ Бишкекте өткөн эл аралык Конференцияда да талкууга алынды.

Бишкекте “Хаят” мейманканасында өткөн Кыргызстандагы адвокатура тармагындагы маселелер талкууланган эл аралык конференция Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы кеңсеси, “Сорос-Кыргызстан” Фонду, “Америкалык Юристтер” Ассоциациясы жана Кыргызстандагы “Юристтер Ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Анда өлкөдө адвокатура тармагын реформалоо Концепциясы, «Адвокаттык ишмердик жана адвокатура жөнүндөгү» мыйзам долбоору талкууланды. Концепциянын башкы максаты: өлкөдө атуулдардын укуктарын жана эркиндиктерин эффективдүү коргоо системасын түзүү. Мында ошондой эле муктаж болгон атуулдарга укук тармагында квалификациялуу жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу, өлкөдө адвокаттардын мамлекеттик эмес өкүлчүлүк органдарын түзүү, адвокаттардын көз карандысыз статусун камсыз кылуу, алардын социалдык жана эмгек укуктарын коргоо жана максаттары да коюлган.

Концепция менен мыйзам долбоорунда адвокатура тармагындагы ишмердүүлүктү, адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн юридикалык кызматтын сапатын, этика нормаларынын сакталышын көзөмөлдөгөн, ошону менен бирге адвокаттардын укуктарын коргогон бирикменин түзүлүшү каралган. Анын зарылдыгы жөнүндө
Кыргызстан юристтер Ассоциациясынын төрагасы Нурлан Садыков мындай дейт:


- Биз адвокаттар сөссүз түрдө мүчө болуу маселеси каралган бирдиктүү профессионалдык уюм түзүп жатабыз. Алар мүчөлүк акысын төлөшү керек, бул уюм тарабынан бекитилган этика нормаларын сактоого тийиш. Учурда адвокаттык коомчулуктун саясатын аныктап, алардын ишмердүүлүгүнө көз салган уюм жок. Адвокаттар алар тарабынан мыйзамдар бузулса да, ушул уюмдун алдында жооптуу болот. Өлкөдө адвокаттардын адистик кызыкчылыктарын коргогон өз алдынча башкаруу органдары түзүлүшү керек. Адвокат сот системасынын бир бөлүгү болгон соң, алар коомдун жана атуулдардын алдында жоопкерчиликтүү болушу керек.

Бирок, айрым адвокаттар өлкөдө Адвокаттар Палатасына ар бир адвокаттын милдеттүү түрдө мүчөлүгү каралып жаткандыгына карата каршы пикирлерин айтышты. Буга байланыштуу «Укуктук Форум» Ассоциациясынын жетекчиси Юрий Шенцов мындай деди:

- Менин пикиримде, деги эле азыр сунушталып жаткандай реформаны жүргүзүүнүн зарылдыгы жок. Адвокаттарга Адвокаттар Коллегиясы тарабынан кысым көрсөтүлө баштайт. Бийликке жакпаган адвокаттар субъективдүү чечими менен лицензиясынан ажыратыла баштайт. Башкача айтканда, бул реформанын жыйынтыгы биз көз карандысыз адвокаттарды жоготконубузда болот, - деген пикирин билдирди адвокат Юрий Шенцов.

Концепцияда адвокаттык ишмердүүлүк коммерциялык ишмердүүлук катары эсептелбейт деп айтылса, мыйзам долбоорунда тескерисинче, адвокат өз алдынча ишкер катары ишмердүүлүгүн жүргүзүшү мүмкүн деп каралган.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү адвокаттардын көпчүлүгү алардын укуктары иш жүзүндө чектелип келгендигин жана мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын белгилешет. Жалалабат облусуна караштуу Аксы районунан адвокат Сартпай Жайчибеков бул маселеге байланыштуу:

- Азыр сот жараяндарынын жүрүшүндө адвокаттар прокурорлор менен теңчиликте эмес. Адвокаттарга тоготпогондой мамиле жасалат. Прокурорлордун далилдерине көңүл бурулат да, ал эми адвокаттын айтканына көңүл деле бөлүнбөйт. Ошондуктан, азыркы мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилиши зарыл, - дейт адвокат Сартпай Жайчибеков.

Эл аралык конференцяинын катышуучулары «Адвокаттык ишмердик жана адвокатура жонүндөгү» мыйзам долбоору толукталышы керек деген көз крашатарын айтты.

Кыргызстандагы Адвокатура тармагын өзгөртүү Концепциясында бир нече мыйзамдарга толуктоолорду киргизүү жана бир катар жаңы мыйзам долбоорлорун даярдоо да каралган. Маселен, анда «Адвокатура жөнүндө», «Акысыз адвокаттык жардам көрсөтүү» боюнча мыйзам долбоорлорун даярдоо сунушталып, адвокаттык ишмердүүлүк үчүн салык төлөмдөрүн азайтуу жана башка маселелер да көтөрүлгөн.

Албетте, адвокатура сот системасынын бир тармагы болгондуктан, жалпысынан сот системасындагы реформалар алга жылмайынча, кандайдыр бир өзгөртүүлөргө жетишүү кыйын. Башкача айтканда, Адвокатура тармагын оңдоо үчүн, сот системасын өзгөртүү керек. Ал эми сот тармагын анын көз карандысыздыгы камсыздалмайынча өзгөртүү мүмкүн эмес

Кыргызстанда адвокатура системасын реформалоо жөнүндөгү Концепция ушул тапта өкмөт кароосунда.

XS
SM
MD
LG