Кыяс Молдокасымов, Бишкек Адистердин айтымында укук коргоочу Турсунбек Акундун ден соолугу калыбына келе элек. Ал учурда үйүндө дарылануусун улантып жатат. Айрым эл аралык уюмдар ага чет өлкөгө барып дарылануусун сунуштай баштады. Ал эми Бишкектеги Трамватология жана Ортопедия борборунун башкы дарыгери Жаныш Сулайманов аталган оорукананын дарыгерлери ал табылган күнү эле дыкаттык менен текшерүүгө алып, тийиштүү диагноз коюлганын жана аны башка ооруканаларга алып барып дарылануусун сунуш кылганын Бетме-бет берүүсүндө дагы бир жолу билдирди. Ал эми Адам эркиндиги жана укуктары боюнча институттун башчысы Топчубек Тургуналиев Бишкектик дарыгерлер бийликтин таасири алдында жыйынтык чыгарышканын айтат.
Тектеш