Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:37

Албания менен Орусия террорго каршы бирге күрөшөт


Кечээ Албания менен Орусия экономикалык мамилелерди чыңдап, террорго каршы күрөштө кызматташтыкты күчөтүү боюнча ымалага келишти. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Албанияда эки мамлекет бул жаатта жакын арада бир катар келишимдерге кол койорун айтты. Албаниянын тышкы иштер министри Кастройт Ислами болсо эки өлкө террорго каршы күрөштө күчтү бириктирет деп билдирди.

Андан мурда Сергей Лавров Македонияда болгон учурда серб жана албан лидерлери аймакта тынчтыкты биротоло ортонуу үчүн сүйлөшүүлөргө барышы керек деп билдирген эле. Албаниядан кийин орус тышкы иштер министри Брюсселге барат.

XS
SM
MD
LG