Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Иракта шайлоо үч аптага созулушу ыктымал


Ирактын ички иштер министрлиги өлкөнүн премьер-министри Аяд Алавинин 30-январда өтмөкчү болуп жаткан жалпы элдик шайлоону 3 апта аралыгында жүргүзүү тууралуу демилгесин колдой турганын билдирди. Министрликтин өкүлү Саба Хазимдин айтымында мындай чечим шайлоочулардын коопсуздугунан улам жасалып жатат. Өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Хусейн Хендави өкмөттүн мындай сунушун карап көрүүгө сөз берди. Ал арада Иракта кырдаал дале жакшы болбой жатат. Кечээ өлкөнүн ар кайсы шаарларындагы кагылышуулардан алты адам каза тапты.

XS
SM
MD
LG