Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

АКЫЙКАТЧЫ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН АЛЫП САЛУУНУ СУРАНАТ…


Эртең Улуттар Уюмунун бардык башка мүчө мамлекеттери сыяктуу эле Кыргызстанда да адам укугун коргоо күнү белгиленет. Бул күнгө байланыштуу Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу мындан эки күн илгери Президент Аскар Акаевге бир катар сунуштар менен кайрылды. Алардын катарында Кыргызстанда кылмышкерлерди өлүм жазасына тартууну токтотуу сунушу да бар.

Кыргызстанда алты жылдан бери өлүм жазасы ишке аша элек. Президент Аскар Акаев жазанын бул түрүн чектеген алгачкы мораторийге 1998-жылдын декабрында алгачкы ирет кол коюп, аны Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жалпы декларациясынын 50 жылдыгы менен байланыштырган.
Андан бери мораторий жылдан жылга узартылып келатат. Көпчүлүк эл аралык уюмдар мындай демилгени өлүм жазасын биротоло алып салууну көздөй жасалган кадам катары санап келатышат. Жакында ЕККУнун Борбор Азия боюнча өкүлү Марти Ахтисаари Бишкектеги сапарында президент Акаев менен талкуулаган маселелердин бири ушул өлүм жазасы болду. «Мен өлүм жазасынын мыйзам чегинде биротоло алынып салынышын жактайм. Бирок, ал үчүн убакыт керек экенин түшүнөм» деген Ахтисаари 30-ноябрда журналисттер үчүн берген маалымат жыйынында. Өлүм жазасын жакынкы жылдары биротоло алып салуу же кое туруу жөнүндө президент өз оюн коомчулукка ачык айта элек. Мунун себебин Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын коммунист депутаттарынын бири Орозбек Дүйшеев мындайча божомолдоду:

- Бу кишинин өзүнүн чечкиндүүлүгү болбой атат да. Маселен, ошол мыйзамди иштеп чыгып, парлманетке алып келсе, көпчүлүк депутаттар колдойт эле.

Бул аралыкта Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу өлүм жазасын алып салуу сунушу менен Кыргызстандын президентине быйыл экинчи ирет кайрылды. Сунушун акыйкатчы минтип түшүндүрдү:

- Быйыл да мурдагы айрым демилгелерибизди, мисалы өкмөт тарабынан колдонулган жок, ошолорду кайталап, анан жаңы сунуштарыбызды бердик. Эми эски демилгелерибиздин бири – 2005-жылдан баштап Кыргызстанда өлүм жазасын жокко чыгаруу.

Бирок, өлүм жазасын алып салууну колдобогон айрым адистер, саясатчылар мындай чечимди жабырлануучу тарапка согулган чоң сокку катары санашат. Маселен, ушундай пикирин көз карандысыз юридикалык компаниянын башчысы, Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев айтып жүрөт.

Ал эми «Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар» ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева тескерисинче, өлүм жазасына тартканга караганда, өмүр бою түрмөдө отуруу катаалыраак жаза болот дейт:

- Себеби жаза тарткан адам, 20 жыл отурабы, 30 жыл отурабы, 40 жылбы –бул өлүм жазасынан да катаалыраак нерсе болуш керек го дейм.

Акыйкатчы институтутунун маалыматына караганда, Кыргызстан аймагында азыр өлүм жазасына тартылгандардын саны 160 чамалап барды. Бирок, алар үчүн эл аралык нормалардын чегиндеги атайын шарттар түзүлгөн эмес. Бир бөлмөдө 6-7ден адам отурат. Мындай жагдай психологиялык запкыга алып келерин өлүм жазасына тартылгандар өздөрү да айтышат. Алардын бири «Азаттыктын» кабарчысы менен минтип пикир бөлүшкөн:

- Эми узарткандан көрө, менин жеке оюмда, атып эле салган оң, же болбосо жарыкчылыктуу зонага кое берсе ырас болот эле айланайын. Бул жерде отуруш, буту-кол баспай, тырышып калды. Алты жыл болуп кетти отурганга.

(Өлүм жазасына тартылган бул адамдын пикири өткөн жылы «Акыйкатчы» менен бирге кыдыруу учурунда жазылып алынган.) Ушундай жагдайга байланыштуу Акыйкатчы президентке жөнөткөн бул жолку кайрылуусунда өлүм жазасына байланыштуу өкүм чыгарууну токтотууну сунуштады.

- Ошондуктан, булардын санын көбөйтпөй 2005-жылдан баштап сот органдар өлүм жазасы жөнүндө өкүм чыгарбаса, адам укугун коргоо багытында көрүлгөн чара болот эле деп, президентке демилге бердик.

Мындай сунуштар кандай колдоо табары али белгисиз. Бирок, Турсунбай Бакир уулу президенттин келерки жыл үчүн да өлүм жазасына мораторий жарыяларына бекем ишенет.

- Менин ойлойм: президент бизди дагы бир жолу колдоп берет. Себеби, президенттин пикири да биздикиндей. Биз ЕККУга мүчө болуп, Европалык, эл аралык стандарттарга жакындап атканда, абзел түрүндө мораторийди узартаарына мен толук ишенем.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG