Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Жалалабад областтык прокуратурасы билдирүү таратты


ЖАЛАЛАБАД. Облустук прокуратуранын маалыматына ылайык облустун укук коргоо органдары он бир айда коррупция жана кызматтык экономикалык кылмыштарга, контрабандага каршы 379 кылмыш иш козгогон, пара алуу боюнча 8 иш, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жаатына 46 иш аныкталган. Экономикалык жана кызматтык кылмыштардан улам облустун экономикасына келтирилген материалдык 20 млн. сомдун 12 млн. сому өндүрүлгөн. Прокуратура кызматынын төрт адиси түрдүү жазаларга кириптер болуп, бешөө эскертүү алган. Чаткал райондук каржы башкармасынын башкы эсепчиси 18 миң сомдук бухгалтериялык документтерди жасаган. Токтогул райондук казна башчысы бюджеттик эмгек акыларга деген 137 миң 800 сомду башка максатка пайдаланган. Тартип бузуулар ички иштер, каржы жана бажы кызматтарында да болгон.

XS
SM
MD
LG