Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Финдер Чүйдүн экологиясына көз салат


БИШКЕК. Финляндия Кыргызстандын Чүй облусунун айлана-чөйрөсүнө байкоо салуу жана башкаруусу үчүн 900 миң евро бөлө турган болду. Мындай кабар бүгүн «Айлана-чөйрөнүн мониторинги жана Кыргызстандын башкаруу мүмкүнчүлүгүн бекемдөө» аттуу долбоордун бетачарында айтылды. Эки жылга эсептелген долбоордун максаты Чүй облусунун айлана-чөйрөнү коргоо мекемелеринин уруксат берүү системасын эл аралык талаптарга ылайыктоо. Бетачарда айтылган маалыматка караганда, Кыргызстандын айлана-чөйрөгө көзөмөл кылуучу мекемелеринин уруксат берүү системасынын иши кардарлардын талабына жооп бербейт, ошол эле учурда, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга зарыл жана так маалыматтар өз убагында берилбейт. Адистердин айтымында, буга керектүү жабдуулардын жана лабораториялык каражаттардын жоктугу да өбөлгө түзүүдө. Ушундан улам долбоор айлана-чөйрөнү пайдаланууга уруксат берүү системасын башкарууну чыңдоого багытталган.

XS
SM
MD
LG