Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Кытай өкмөтү Кыргызстанга 30 миллион юань кайтарымсыз жардам берет


БИШКЕК. Бүгүн түштөн кийин Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Тан Цзясюаня баштаган делегация расмий иш сапар менен келди. Ушул эле күнү чет элдик делегация мамлекет башчы Аскар Акаев менен жолугушту. Эртең алар өкмөт башчы Николай Танаев андан соң тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушат. Николай Танаев менен жолугушуу учурунда экономикалык кызматташтыктыкты чыңдоо тууралуу келишимге кол коюлат. Келишимге ылайык Кытай өкмөтү Кыргызстанга 30 миллион юань кайтарымсыз жардам берет. Мындай маалымат өкмөттүн маалымат кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG