Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Цирктин жатаканасындагылар, аренага эмес, пикетке чыкты


БИШКЕК. Кыргыз циркине караштуу жатаканада жашаган атуулдардан элүүгө жакын адам бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыкты. Алар бийликтин жатаканадан чыгаруу аракетине нааразылык билдирип, кыштын күнү сыртка айдап чыкпоого көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Пикетчилер менен Свердлов райондук админстрация башчысынын орун басары Бактыбек Чекиров жолугушту. Ал кыштын күнү пикетчилерди жылуу үйүнөн көчөгө чыгарбоого аракет жасай тургандыгын убада кылып, нааразылык акциянын катышуучуларын үйлөрүнө таратты. Өкмөт башчы Николай Танаевдин 2004-жылдын 21-апрелдеги токтому менен бул жатакана өкмөттүн алдындагы информациялык технология жана кызмат көрсөтүү Мамлекеттик агенттигинин карамагына берилген. Буга байланыштуу аталган агенттиктин кызматкерлери жатакананын жашоочуларын имаратты бошотуп коюну талап кылышууда. Агенттиктин маалымат кызматынын жетечиси Артыкбаева Нургүлдүн айтымында, буга чейин талаштуу маселе Свердлов райондук, Бишкек шаардык жана Жогорку соттордо каралган. Сот органдары жатакананын жашоочуларын белгилүү мөөнөттө имаратты бошотуу тууралуу чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG