Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Чет элдик инвестиция боюнча кеңеш жыйын курду


БИШКЕК. Бүгүн чет элдик инвестициялар боюнча консультативдик кеңештин жыйыны Токмок шаарындагы «Интергласс» компаниясынын имаратында өттү. Ал президент Аскар Акаевдин төрагалыгы астында өтүп, жыйынга Европа өнүгүү банкынын президенти Жан Лемьер, банктын бир нече өкүлдөрү жана Германиялык “Steinert Industries» компаниясынын башкы директору Владимир Штейнерт катышты. Жыйында премьер-министр Николай Танаев бешинчи инвестициялык матрицанын ишке ашырылышы тууралуу маалымат берип, 10 айдын ичинде өлкөгө келген инвестициянын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 32 процентке өскөндүгүн белгиледи. Вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев экономиканы жөнгө салуу концепциясын ишке ашыруу, тактап айтканда, анын таасир көрсөтүүсүн анализдөө программасын ишке киргизүү жана «Нормативдик укуктук актылар» жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясынын концепциясы жөнүндө маалымат берди.

XS
SM
MD
LG