Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

ЕВРОПА БАНКЫ «ИНТЕРГЛАССКА»


Сапар Орозбаков, Бишкек Чет өлкөлүк инвестициялар боюнча Консультативдик кеӈештин кезектеги отуруму бейшемби күнү Токмоктогу «Интергласс» айнек заводунда өткөрүлдү. Жыйынга президент, өкмөт башчы менен бирге учурда өлкөдө жумушчу визит менен жүргөн Европа өнүгүү жана кайра куруу банкынын президенти Жан Лемьер катышты. Жан Лемьер ошол жерден аталган ишканага 5,5 млн евро кредит берүү тууралуу келишимге кол койду.

Чет өлкөлүк инвестициялар боюнча Консультативдик кенештин кезектеги отуруму быйыл жайында иштелип чыккан 5-инвестициялык матрицанын аткарылышын кароого арналды. Жыйында маалымат берген премьер-министр Николай Танаевдин айтымында, бул матрицанын уюштуруу иштери аяктап, өкмөт азыр аны аткарууга киришти.

Өкмөт башчы өзүнүн сөзүндө матрицалар өз жемишин бере баштагандыгын белгиледи. Ал үстүбүздөгү жылдын 9 айынын ичинде чет өлкөлүк инвестиция 32% өсүп, 102 млн долларды түзгөндүгүн билдирди.

Консультативдик кенештин бул отуруму мурдагылардан айырмаланып, сыртта - Токмоктогу «Интергласс» айнек заводунда өткөрүлдү. Ага президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана учурда Кыргызстанда жүргөн Европа өнүгүү жана кайра куруу банкынын президенти Жан Лемьер катышышты. Ошол эле жерде Жан Лемьер ишкананын акционери Владимир Штейнерт менен заводго 5,5 млн евро кредит берүү тууралуу келишимге кол койду. Кол коюу аземи заводдун күрүү-күү түшүп иштеп жаткан цехтеринин биринде өткөрүлдү.

-Бул Кыргызстандын Европа банкы менен кызматташуусунун дагы бир барагын ачат. Европа өнүгүү жана кайра куруу банкынын президенти Жан Лемьер «Интергласска» бул инвестицияны өз колу менен бергени келиши зор окуя болуп эсептелет –
деди Акскар Акаев келишимге кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзүндө.

Ал Европа банкы өлкөнүн оголе ири инвестору экендигин айтып, аны менен кызматташкан 10 жыл ичинде банк «Кумтөр» алтын кени, энергетика жана банк сектору сыяктуу өлкөнүн мерчемдүү тармактарына акча бергендигин белгиледи.

Европа банкынын жетекчиси өзүнүн жооп иретинде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын инвестиция тартууга болгон аракетин жогоруу баалады. Ал муну түздөн түз президенттин аты менен байланыштырды:
-Биз өзүбүз тараптан каржы бөлүп жардам бергенибиз маанилүү. Силер ишти алга жылдыруу менен албан иш жасайсыздар.Ал бийик мааниге ээ. Президент Акаевдин өлкөнү мындай мүмкүнчүлүккө ачып койгону андан да маанилүү болуп эсептелет. Ал кызматташууга шарт түзүп инвестицияга жол ачып жатат – деди Жан Лемьер.

«Интергласс» айнек заводу Советтер Союзу учурунда курулуп, 90-жылдардын башында токтоп калган эле. 2002-жылы өткөрүлгөн тендерде анын акцияларын германиялык “Steinert Industries” компаниясы сатып алган. Компаниянын директору Владимир Штейнерт түбү Өзбекстандан. Заводду иштетүүдө анын эмгеги зор экендигин айтышат.

«Интергласс» азыр өндүрүштүн көлөмүн мурдагы Советтер Союзу учурундагыга жеткирип, быйыл 10 айдын ичинде 14 млн кв метр айнек чыгарды. Продукциянын 90% экспортко кетет. Муну президент өзгөчө белгиледи:
-«Интергласс» Кыргызстандын экономикасында өтө маанилүү роль ойнойт. Анткени силердин продукция кыргыз экономикасынын экспортунун негизги бөлүктөрүнүн бири –деди Аскар Акаев заводдун коллективитне кайрылып.

Заводдо азыр 1500 киши иштейт. Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы берген 5,5 млн евро кредит анын айрым линияларын кайра жабдып чыгуу үчүн пайланылмакчы.

XS
SM
MD
LG