Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:57

ЕВРОБИРИМДИК. ДИН. ТҮРКИЯ


Аким Өзгөн, Түркия Евробиримдике мүчө болуу жараянынын чеги ичинде Түркия баштан өткөрүп жаткан коомдук өзгөрүштөр, өлкөдө жашаган айрым башкача диндегилердин укук жана эркиндиктери жөнүндөгү маселени да күн тартибине киргизүүдө. Бул жаатта башкаруудагы өкмөт, бир катар мыйзамдарды кабыл алып, бир катар саамалыктарди ишке ашырып жатат. Шаршемби күнкү бир диний комплексттин ачылышы, өкмөттүн бул тууралуу демилгелеринин бири гана эле.

Түркиянын Премьер Министири Режеп Ердоган шаршемби күнү, түштүктөгү бир курорттук шаарчада, мусулман, християн жана жөөттөрдүн ыбадатканалары жайлашкан бир комплексти ачып олтуруп, өкмөтү Түркияда диний эркиндиктерге тоскоол боло билүүчү бардык бөгөттөрдү жое тургандыгы тууралуу убада берди. “Диндердин Бакчасы” деп аталган, ичинде бир мечит, бир чиркөө жана бир синагога жайлашкан комплекс, Евробиримдиктин Түркияны, өлкөдөгү мусулман-эмес азчылкытагылардын укуктарын толук камсыздай албагандыгын катуу сындап жаткан бир кезде, Түркиядагы диндер жана конфессиялар-аралык түтүмдүүлүктү (толеранттуулук) даңазалоо максатында, өкмөт менен жеке сектордун орток демилгеси жана каржылоосу менен курулду.

- Кемчиликтерибиз жок эмес, бар. Буга көзүм жетип олтурат. Ошондой эле, бул кемчиликтерди ылдамдык менен жою үчүн бардык күч кубатты жумшоого чечкиндүү экенимди бул жерде жолдошторумун жана өзүмүн атыман билдиргим келет, - деп баяндаган Премьер Министир Режеп Ердоган, - 3 китептүү диндин ыйык ыбадатканаларын бир короонун ичине жыйган бул комплекске баш багып кирген эч бир адам бул өлкөнүн асыл-нарк байманаларына кылый көз менен карай албайт.

Диний түтүмдүүлүктүн ата-бабадан калган бай мурасына токтолуп Ердоган:

“Бул бай мурастын, залкар тарыхый тажрыйбанын шарапаты менен Түркия бүгүнкү күндө өз аймагындагы тынчтыктын, бир туугандыктын, укук жана адилеттин кепили” экенин жана Түркиянын дүйнө улустары ичинен ээлеген өзгөчө оруну ушуну менен түшүндүрүлгөнүн кошумчалады.

“Диндер Бакчасы” долбоорунун ачылыш аземинде, Түркияда сапарда жүргөн Голландиянын Европа Иштери боюнча министири Николай Атза дагы катышып, Евробиримдик християндардын шеринеси (клубу) эмес экенин баса көрсөттү. Ал дагы Осмон империясынан мисалдар келтирип, империянын чеги ичинде жашаган түркүн улут жана диндегилер эч качан дискриминацияга дуушар болбогонун билдирди. Осмон падышаларынын бул даанышман дүйнө таануусунун шарапаты менен, империя 16- кылымда Европада куугунтук жеген еврейлер үчүн баш паанек болгонун эске салып Атза мырза, “биздин душманыбыз Ислам же башка бир дин эмес, толерантсыздык” деп далилдеди.

Аземге айрыкча алганда, Түркиядагы грек-рим ортодокс чиркөөсүнүн, Ватикан католик чиркөөсүнүн өкүлдөрү, Түркияда жашаган жөөттөрдүн диний көсөмү, Түркияда жашаган армяндардын чиркөөсүнүн патриги да катышып атайын баяндама жасашты. Стамбулдагы Грек-рим ортодокс чиркөөсүнүн өкүлү Даситеос Арагнастопулус, “бул топурактарда кез-кез маданияттар аралык кагылышуулар болгон бирок анын бардыгы батыштан келген” деди. Түркиялык жөөттөрдүн диний көсөмү Исак Халева болсо, “бул комплесктин ачылышы, Евробиримдике мүчө болуу жараянында такай күн тартибине коюлуп жаткан диний эркиндиктер маселесине кайтарылган эң сонун жооп болуп калганын айтты.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG