Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

АКШ өкмөтү Кофи Аннандын отставкага кетишин каалабайт


Кошмо Штаттардын өкмөтү Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын кызматтан кетишин туура көрбөйт. Бирок ошол эле убакта Ирактагы “мунайга азык-түлүк” программасынын алкагында болгон мыйзам бузуулардын аягына чейин калыс иликтенишин каалайт. Мындай пикирин Американын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Жон Данфорт журналисттерге билдирди:

- Биз баш катчынын отставкага кетишин каалабайбыз жана ага умтулбайбыз. Биз аны менен буга чейин жемиштүү иштеп келдик. Биз келечекте да бирге болуп, кызматташкыбыз келет, - деди ал.

Данфорттун айтымында Кофи Аннан Иракта жана Палестинада шайлоолорду жакшы өткөрүш үчүн чечүүчү рол ойноп жатат. Буга чейин АКШнын айрым сенаторлору Кофи Аннанды анын баласы Ирактагы “мунайга азык-түлүк” программасынын алкагында мыйзамсыз акча алып келгени үчүн отставкага кетирүү талабы менен чыгышкан.

XS
SM
MD
LG