БИШКЕК. Кыргызстандын чекара кызматынын маалыматтары боюнча быйыл 9 айдын ичинде өлкөгө турист катары 1 млн 411 миң чет өлкөлүк атуул келди. Өткөн жылдын бул мезгилинде Кыргызстанга келген туристтердин саны 222 миң болгон. Бирок, андан түшкөн кирешенин болжол менен 60 пайызы көмүскө түрдө пайдаланууда. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Николай Танаев өкмөт үйүндө өткөн туризм боюнча координациялык кеңешинин отурумунда билдирди. Танаев белгилегендей, быйыл туризм тармагынан түшкөн киреше 59 млн АКШ доллары эмес, андан эки эсе көп болушу керек эле. Жыйында ошондой эле өлкөдө туризмдин жана спорттун экстремалдуу түрлөрүн көзөмөлдөө жана куткаруу кызматын түзүү маселеси да көтөрүлдү. Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинин өкүлдөрүнүн пикиринде, туристтик кампаниялар туристтердин, өзгөчө альпинисттердин саякат маршруттарын түзүүдө министрлик менен кеңешпегендиктен, көп кырсыктар орун алып жатат.