Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

ЖАШ ШАХМАТЧЫЛАР АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНА БАРБАЙ КАЛЫШТЫ


Кабыл Макешов, Бишкек Кыргызстандык жаш шахматчылар мурдагы жылдары Азия чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеп жүрүшкөн. 10-декабрда Сингапурда башталган Азия чемпионатына да кыргызстандык жаш шахматчылар катышмак. Тилекке каршы алар акчанын жоктугунан Азия аймагындагы акыл таймашына катышпай калышты.

10-декабрдан 18-декабрга чейин Сингапурда Азия өспүрүмдөрү арасында шахмат боюнча чемпионат өтмөк. Сингапурдун шахмат федерациясы жана Азия өлкөлөрүнүн шахмат академиясынын демилгеси менен башталып жаткан акыл таймашына 23 өлкөнүн өспүрүмдөрү катышууда.

Бул жолу Австралия жана Жаңы Зеландиянын жаш шахматчылары да мөөрөй талашууда. Шахматка өзгөчө көңүл бурган Кытай, Индия, Иран, Малайзия, Филипиндер, Шри Ланка, Вьетнам жана башка өлкөлөрдүн катарында кыргызстандык өспүрүмдөр да биринчилик үчүн ат салышмак.

Тилекке каршы Кыргызстандын өспүрүмдөр командасы Азия чемпионатына барбай калды. Анын себептери тууралуу Азия чемпионатынын коло байге ээси, шахмат боюнча спорт чебери Семетей Төлөгөн уулунун атасы Т.Исаев мындай дейт:

-Бизде жаштарды колдоого алчу чоң демөөрчүлөр жок. Мен уулумдун эл аралык мелдештерге, дүйнөнүн, Азиянын чемпионаттарына катышуусу үчүн үйүмдү, машинамды саттым. Анча-мынча соода кылган чакан дүкөнүбүз бар эле, аны да сатууга аргасыз болдум. Өкмөттөн колдоо болбой жатат. Спорт боюнча улуттук саясат жок. Сингапурга ата-энелер балдарына жол киреге каражат таап, виза ачып, камылга көрсө аларды жетектеп барчу машыктыруучуга каражат табылбай барбай калышты. Менин уулум Семетей Москвадагы Карпов атындагы шахмат мектебине кабыл алынды. Эми аларга көрүлгөн камкордук абдан мыкты экен. Карповдун демилгеси менен Орусиянын Думасы мектептин программасына шахматты сабак катары киргизди.

Бул жолку Азия чемпионатына 14 жаштагы Козубай уулу Азамат, 12 жаштагы Марс уулу Дан, 8 жаштагы Эстебес Асанкулов жана 11 жаштагы Чыңгыз кызы Айжаркын даярдык көрүп, жолуна ата-энелери каражат табышкан. Алар Москвадагы Сингапурдун элчилигине барып, виза ачышып, самолетко билет да заказ кылып коюшкан.

Ошентип балдарга баш-көз болуп барчу машыктыруучу Борис Гендлерге каражат табылбай, өспүрүмдөрдүн деми сууду.

Алты жылдан бери шахмат менен машыгып, былтыр дүйнөлүк биринчиликке барган, спорт чебердигине талапкер Чыңгыз кызы Айжаркын Сингапурга барбай калганына өкүнүп мындай деди:

-Биздин машыктыруучуга каражат табылбай барбай калдык. Абдан өкүнөм барбай калганыма. Ал жакта Азия биринчилиги мыкты болмок. Көп досторду таап, чеберчилигибиз да жогоруламак. Мен быйыл жакшы даярдык көргөм. Ата-энем да жолго каражат таап берген. Мен Бишкектеги №72 орто мектепте 6- класста окуйм. Шахмат менен 6 жылдан бери машыгам. Былтыр Грециядагы дүйнөлүк бирнчиликке катышкам. Ал жакта мелдеш абдан жакшы өткөн. Шахмат боюнча дүйнө чемпиону болгум келет.

Кыргызстанда шахматка шыктуу, таланттуу балдар, жаштар арбын. Буга чейин Эрнест Инаркиев Азиянын чемпиону болгондон кийин ага көңүл бурулбагандыктан Орусияга кетип калган. Азыр ал гроссмейстер, Россиядагы эң күчтүү шахматчылардын бири. Болгону 18 жашта.

Андан кийин Азиянын биринчилигинде Азамат Козубай уулу 10 жаштагылардын арасында күмүш медалга ээ болгон. Азаматтан кийин Азиянын биринчилигинде Тиленбаева Жаңыл, Сыдыков Асыл күмүш медаль тагынган.

Ошондой эле Александра Самаганова, Семетей Төлөгөнтегин коло медалдарды алышкан. Ушул жаштардын ата-энелери дубанадай болуп, ар кайсы жактан каражат таап, ушундай ийгиликтер жаралууда.

Эгер Кыргызстанда Өзбекстандагыдай, Казакстандагыдай көңүл бурулганда мындан да чоң ийгиликтер болмок дешет шахмат адистери.
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Акбар Рыскулов да жаш шахматчыларды тосуп алууга камынып, мейманкана дайындап, мыкты оюнчуга атайын байге белендеп койгонун да билдирген.

Эми 20 жашка чейинилер арасында Азиянын чемпионаты 17-декабрда Индиянын Бикамер шаарында болмокчу. Ага катышуу үчүн Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Жаңыл Тиленбаева менен Нурдин Самаковго атайын чакыруу келген. Аларга да каражат табылбай, ата-энелери демөөрчү издеп жүрүшөт.
XS
SM
MD
LG