Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

ТУРСУНБЕК АКУН: «АДАМ УКУКТАРЫ КАДАМ САЙЫН БУЗУЛУУДА»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Укук коргоочу Турсунбек Акун өзүн дурусураак сезе баштады. Бирок дале болсо «өзүм туруп басууга алсыз болуудамын» дейт. Укук коргоочунун ден-соолугун текшерүү жана дарылоо үчүн айрым эларалык уюмдар 3 өлкөнү сунуштап жаткан кез. Алар Түркия, Германия жана Англия. Турсунбек Акун Кыргызстанда адам укуктары кадам сайын бузулуп жатканын белгилейт.

- Турсунбек мырза, мына бүгүн адам укугун коргоо күнү. Ушул күнү Кыргызстандагы адам укугунун абалы тууралуу айтып берсеңиз.

- Мен укук коргоочу катары айтарым, бүгүн улуу майрам. Анткени 1948-жылы американын президенти Рузвельттин жубайы Элеонора Рузвельттин демилгеси менен беш адам беш материктен атайын демилгелүү топ түзүп, ушул декларацияны иштеп чыгышкан. Мына ошондон бери жарым кылымдан ашуун убакыт өттү. Ушул күндү укук коргоочулар жыл сайын белгилеп келебиз. Кыргызстандагы абалга токтолсом, Кыргызстанда адам укугунун абалы оор бойдон калып келет. Ачыгын айтыш керек, Кыргызстанда бийлик өкүлдөрү адам укугун урматтаган өлкө, демократияны куруп атабыз, адам укугун сактап атабыз деп декларация кылып, бүткүл дүйнөгө жарыялап, эл аралык семинарларда, жолугушууларда ар убакыт мактанып атышат. А бирок иш жүзүндө Кыргызстанда андай эмес, өлкөдө адам укугу чын эле кадам сайын тепселенип жатат. Укук коргоочулардын кээси чет мамлекеттерде качып жүрүшөт, аларга иш козголуп өз өлкөсүнө келе албай. Укук коргоочулар, жөн гана пикирлерин ачык айткандар куугунтукка алынып келет. Түрмөдөгү абал өтө начар, эл аралык стандартка жооп бербейт.

- Турсунбек мырза, Кыргызстандагы адам укугу көп жагынан бузулуп жатат дейсиз. Бирок ошол эле учурда Конституцияда, ошондой эле кабыл алынган көпчүлүк мыйзамдарда Кыргызстанда адам укугу коргоого алынаары тууралуу беренелер бар эмеспи.

- Ачыгын айтканда ошолордун бардыгы ооз жүзүндө, кагаз жүзүндө калып, аткарылган жок.

- Турсунбек мырза, мына ошол эле учурда Кыргызстанда адам укугун коргоо жаатындагы уюмдар, кыймылдар, өз ишин жеткиликтүү деңгээлде алып бара албай жатат деген дагы пикирлер бар коомчулукта.

-Бир эле адам укугу боюнча Кыргыз комитетин алалы Дырылдаев жетектеген. Жакында гезиттерге чыккан Мамасадык Жакишевдин маалыматын айтышты мага. Ошолордун бардыгы атайын акча төлөп, ошол уюмду ичинен бөлүп, жаман атты кылып атат дүйнөлүк коомчулукка. Мисалы, Боталиев, Тыналиевдерди Дырылдаевге каршы коюп атат. Менин оюмда деле менин орун басарларымды мага каршы коюп, жаман атты кылдырып, алар атайын пресс конференция бердиртип, кыскасы укук коргоочуларды, же укук коргоо уюмдардын ишти толук-кадндуу алып барышына бийлик жолтоо болуп атканы айкын иш болуп атпайбы.

- Турсунбек мырза, эми ден-соолугуңузга келсек, бүгүнкү күндөгү абалыныз кандай?

- Ооруканадан чыкканга караганда жакшы, анткени бутум кичине басат. Өзүм жалгыз баса албайм, колумду колтуктап алса, эшике чыгып келип атам, бирок башым айланып кетет, анткени мээм чайкалып, удар алган экемин. Башым он беш күн бою чыдатпай ооруган, ошол эле оору уланууда.

- Турсунбек мырза, сиздин ден-соолугуңузду көрүп айрым эл аралык уюмдар чет өлкөгө алып барып сизди текшертели, дарылаталы деген сунуш кылып атыптыр. Ушул тууралуу айтып берсеңиз ?

- Мага кайрылып жардам көрсөткүсү келген эл аралык уюмдар биз жардам беребиз деп, үч өлкөгө Германия, Англия жана Түркияга жөнөтөбүз деп сунуш кылууда. Каражат маселеси чечилип, алып барып келсе барып текшерилип, дарыланып келейин деп атам.

- Турсунбек мырза, айрым маалымат каражаттарында, ошондой эле маалымат жыйындарында «Турсубек Акун эч кандай уурдалган эмес, ага эч кандай кысым көрсөтүлгөн эмес, эч кандай ден-соолугуна зыян келтире турган аракеттер жасалган эмес» деген пикирлер, билдирүүлөр жасалып атат. Ошого карата сиз кандай деп ойлосуз?

- Эң биринчи эле мен табылган күнү көзүмдү ача албай, бутум жылбай жатса дагы УКК кызматкерлери күч менен врачтарга концилиум кылдырып, аларга басым көрсөтүп, Турсунбек Акун таза экен, бул өзү койгон спектакль деп жыйынтык чыгарып коюшту. А бирок, укуктук мамлекетте кылмыш ишин ачкандан кийин тергөө жүргүзүш керек. Мен мына табылдым, кайда жүрдүм, ким кармады, эмне кылдым, же мен өзүм уюштурган күндө дагы аны далилдеш керек да. Тергөө бүтмөйүнчө Мамытов да, Бусурманкулов да бир нерсе деп айтканга, жыйынтык чыгарганга акысы жок. Мен тергөөчүлөр келсе айтайын деп атам, мен эч кандай түшүнүк бербейм, Мамытов менен Бусурманкулов биринчи кечирим сурасын жазуу түрүндө, анан кийин мен жооп берейин деп. Анткени алар тергөөнүн ордуна жыйынтык чыгарып салганга болбойт да. Тергөө болсун, аягына чыксын. Менин оюм боюнча УКК менен ИИМ күнөөлүү. Ал эми башка күнөөлүнү тапса тапсын, мени ким урдады, ошону далилдесин. Мен ошону менен макул болом.

XS
SM
MD
LG