Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Тажикстан оппозиция лидери камакка алынганын ырастады


ДУШАНБЕ. Тажикстандын баш прокурору Москвада Тажик опозициясынын лидери камакка алынганы жана аны Россия Тажикстанга өткөрүп бере турганын билдирди. Прокурор Демократиялык партиянын лидери Махмадрузи Искандаров эмне үчүн камаганын жана ал тажик тарапка качан өткөрүлүп берилерин тактаган жок. Демократиялык партиянын башчыларынын бири Рахматулло Валиевдин айтымында, бийликтер Искандаровду саясатчыны парламенттик шайлоо алдында саясий сахнадан алып салуу максаты менен камашканын айтат. 90-жылдардагы ички согушта атаандаш топтордун бирине командачылык кылган Искандаров өткөн жылы президент Имомали Рахмонов менен кайым айтыша кеткен. Ал президентти Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү референдумуна байланыштуу кескин сынга алган. Өзгөртүүлөр президентке 2020-жылга чейин бийликте калууга мүмкүндүк бермекчи.

XS
SM
MD
LG