Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Шайлоо алдындагы кырдаал талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Европадагы коопсуздук жана кыматташтык уюмунун алдындагы Демократиялык институттар жана Адам укуктарын коргоо боюнча Бюро башчысынын орун басары Николай Волчанов, кеңешчиси Жонотан Стонестрит Кыргызстандагы саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Ага Кыргызстан Элдик кыймылынын төрагасы Курманбек Бакиев, «Жаңы багыт» кыймылынын жетекчиси Муратбек Иманалиев, «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев, «Алга Кыргызстан» партиясынын өкүлү Мелис Жунушалиев катышты. Жолугушууда Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында түзулгөн кырдаал, жаңы Шайлоо Кодекси боюнча пикир алышуулар болду. «Алга Кыргызстан» партиясынын өкүлү Кыргызстанда алдадыгы шайлоолор учурунда оппозиция тарабынан Грузия менен Украинадагы саясий ыкмалар пайдалануу аракети жасалышы мүмкүн деген пикирин билдирди. Оппозициялык партиялардын өкүлдөрү болсо, бийлик бул ирет да, шайлоолорду бурмалоого барышы толук ыктымалдыгы жөнүндө айтышты. Ушул эле күнү ЕККУнун өкүлдөрү Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Анда шайлоо алдында маалымат каражаттарынын абалы, алардын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча сөз болду.

XS
SM
MD
LG