Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Украинада бийлик тынчтык жол менен өткөрүлүп берилет


Бул үчүн президент Леонид Кучма бардык чаралар көрүлөт деп ишендирди. Кучма Киевде АКШнын атайын өкүлү Ричард Холбрук менен жолугуп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулады. Ал эми оппозициялык лидерлердин бири Юлия Тимошенко бийликтер шайлоонун экинчи айлампасын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деп эсептейт. Кайра шайлоо 26-декабрга белгиленген. Виктор Ющенко президент болуп шайланса өлкөдө мыйзамсыз негизде түзүлгөн менчиктештирүү келишимдерин кайра карап чыкканга убада берүүдө. Анын атаандашы Виктор Янукович Донбасста шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Оппозициянын аракеттерин ал конституциялык эрежеден чыккан эрегиш катары айыптады. Эгемендик жылдарында өлкөнү талап-тоноп алгандар биригип, кайра бийликке жутуна баштады, деп билдирди Янукович.

XS
SM
MD
LG