Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Дарыгерлер Виктор Ющенконун ууктурулганын ырасташты


Венадагы менчик клиниканын директору Михаэль Зимпфер соңку бир сутканын ичиндеги текшерүүлөрдөн, анын ичинде кандын анализин бир нече курдай иликтеп чыккан соң Ющенконун оорусуна диоксин себеп болгонунан күмөн калбады деп билдирди. Ющенко докторлордун кайра текшерүүсүнөн өткөнү Венага жума күнү келген. Быйыл сентябрда ал капыстан ооруп калып, өң-алети өзгөрүп кеткен эле. Ющенко өзү бийликтер аны ууктурганга аракет кылды деп айтып жүргөн. Врачтар Ющенконун ден соолугу азыр дурус экенин, бирок ага сөзсүз дарылануу керектигин айтышты. Оппозициянын лидери Украинага жекшемби же дүйшөмбү күнү кайтып келиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG